Бүгүн, 2-ноябрда ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычында дагы 4 тайпада 4-тур оюндары болот.
"E" тайпасында азырынча эч нерсе белгисиз. 3 турдан кийин кийинки турга чыгууга бардык командалардын мүмкүнчүлүктөрү сакталып келет. Ал эми "F" тайпасында "Боруссия" менен "Реалдын" атаандаштыгы уланууда. "G" тайпасында абал башкача: плей-офф баскычына жолдомо алган "Лестер" дагы 3 упай алса, тайпада 1-орунду толук камсыздайт. "H" тайпасында болсо "Лион" атаандаштары "Севилья" менен "Ювентустун" жолун тороого тырышат. Анын бул аракетинин жыйынтыгын оюн гана айтмакчы.
Бардык беттештерге 01:45те старт берилет.
"E" тайпасы
"Монако" (Франция) - ЦСКА (Орусия)
"Тоттенхэм" (Англия) - "Байер" (Германия)
"F" тайпасы
"Легия" (Польша) - "Реал" (Испания)
"Боруссия" (Д, Германия) - "Спортинг" (Португалия)
"G" тайпасы
"Копенгаген" (Дания) - "Лестер" (Англия)
"Порту" (Португалия) - "Брюгге" (Бельгия)
"H" тайпасы
"Севилья" (Испания) - "Динамо" (Хорватия)
"Ювентус" (Италия) - "Лион" (Франция)