Эркин Алымбеков: "Курманбек Осмоновдун депутаттык комиссияны жетектөөгө моралдык укугу жок"

ЖКда Нариман Түлеевдин кармалышы боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыгы боюнча маалымат депутаттар арасында кызуу талкууга алынууда. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Эркин Алымбеков "бул депутаттык комиссияны Курманбек Осмонов жетектөөгө анын моралдык укугу жок" деп, анын мурда Жогорку Сотто иштегенин айтып, иштин акыйкат иликтенишине таасири тиет деген оюн билдирди. Курманбек Осмонов "мен сот системинен 2008-жылы эле кеткем. Азыр соттор менен кокусунан эле жолугуп учурашып калбасам, жолукпайм деле. Эгер мени ишти акыйкат караган жок десе, бул комиссиянын ишине депутаттар ишеним көрсөтпөй койсо болот" деп иштин мыйзамдуу болушун айтты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан