Канатбек Исаев коркутуп-үркүтүү жолу менен Конституцияга өзгөртүү киргизүү туура эместигин айтты

"Коркутуп-үркүтүү жолу менен Конституцияга өзгөртүү киргизүү туура эмес. 6 жылдан бери ушул Конституция менен эле жакшынакай жашап келдик", - деп билдирди Жогорку Кеңештин 2-ноябрдагы жыйынында "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канатбек Исаев. Депутат Конституцияны өзгөртүү боюнча демилгечи болгонун, бирок долбоорду шашылыш кабыл алууга каршы экенин айтты. Мындай иштин мыйзамдуулугун Конституциялык палата текшериши керектигин кошумчалап, ал эми бийликти КТРКдан Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандарды эл душманы кылып көрсөтүүнү токтотууга чакырды. "Бүгүнкү күндө КТРКны көрүүгө мүмкүн болбой калды. Бийликке каршы чыккандар элдин душманы эмес", - деди Исаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан