Конституцияны өзгөртүү үчүн 2016-жылдын 11-декабрына референдум дайындоо боюнча мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Парламент жыйынында бул долбоор кызуу талкууланды.
Айта кетсек, парламенттин жыйынында бир топ депутаттар Баш мыйзамды өзгөртүүнү токтотуу зарылдыгын айтып жатышты. Алар өзгөртүүлөрдүн маңызы элге жакшы жашоо тартуулоо эмес, бийлик маселеси экенин айтышты. Өзгөртүүлөрдөн кийин өкмөт менен президенттин ыйгарым укуктары күчөп, парламенттик өлкөнүн парламенти алсыз органга айлана турганын белгилешти.
Конституцияга өзгөртүү киргизүү сунушу Жогорку Кеңештин 5 фракциясынын демилгеси менен чыккан. Акыркы редакциясына кол коюудан “Өнүгүү-Прогресс” менен “Бир бол” фракциясынын лидерлери баш тартышканын билдиришкен. Алар муну мыйзам долбоору баштапкысынан өзгөртүлгөнү менен түшүндүрүшүүдө.