Казакстанда 10 адамды өлтүргөнгө күнөөлөнүп жаткан Руслан Кулекбаевди өлүм жазасына тартуу боюнча соттун өкүмү чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда казакстандык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Р.Кулекбаев ушул жылдын 18-июлунда Алмалы райондук ички иштер бөлүмүнө, Салык департаментине жана Улуттук коопсуздук департаментине кол салып, ок чыгарган. Жыйынтыгында 10 адам каза тапкан. Каза тапкандардын арасында 8 полиция кызматкери болгон. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бул окуяны террордук акт деп атаган.
"Сот Р.Кулекбаевди өлүм жазасына тартуу өкүмүн чыгарды. Айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алып, бирок өлтүрүлгөн адамдар туура эмес жолдо жүрүшкөнүн айткан. Ошондой эле ал соттогу акыркы сөзүндө бул аракети менен укук коргоо органдарынан мусулман бир туугандарын кысымга алгандыгы үчүн өчүн алганын билдирген", - деп жазылат маалыматта.
Айта кетсек, 2003-жылы Казакстанда өлүм жазасына мораторий киргизилген. Ал эми 2004-жылдын 1-январынан тарта өлүм жазасына альтернатива катары өмүр бою эркинен ажыратуу кирген. Ошол мезгилден тарта казак бийлиги камактагылардын бирөөсүн дагы өлүм жазасына тарткан эмес.