Жогорку Кеңеш Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду 11-декабрга дайындады

Жогорку Кеңеш Конституцияны өзгөртүү үчүн 2016-жылдын 11-декабрына референдум дайындоо боюнча мыйзам долбоорун 3-окууда жактырды. Бүгүн, 2-ноябрда парламент жыйынында аталган документке 90 депутат "макул", 15 депутат "каршы" деп добуш берди. Депутат Өмүрбек Текебаев "макул" деп туура эмес добуш берип алганын айтып, анын добушун "каршы" деп өзгөртүүнү төрагадан суранды. Эми мыйзам президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.

Айта кетсек, парламенттин бүгүнкү жыйынында бир топ депутаттар Баш мыйзамды өзгөртүүнү токтотуу зарылдыгын айтып жатышты. Алар өзгөртүүлөрдүн маңызы элге жакшы жашоо тартуулоо эмес, бийлик маселеси экенин айтышты. Өзгөртүүлөрдөн кийин өкмөт менен президенттин ыйгарым укуктары күчөп, парламенттик өлкөнүн парламенти алсыз органга айлана турганын белгилешти.

Конституцияга өзгөртүү киргизүү сунушу Жогорку Кеңештин 5 фракциясынын демилгеси менен чыккан. Акыркы редакциясына кол коюудан “Өнүгүү-Прогресс” менен “Бир бол” фракциясынын лидерлери баш тартышканын билдиришкен. Алар муну мыйзам долбоору баштапкысынан өзгөртүлгөнү менен түшүндүрүшүүдө.

Жогорку Кеңеш референдумду 11-декабрга дайындады (2.11.16)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан