Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүккө кайсы фракциялар кирери бир-эки күндүн ичинде белгилүү болот. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда SUPER.KG порталына КСДП фракциясынын катчылыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, коалицияны түзүүгө мандат алган 38 депутаттан турган КСДПнын лидери Иса Өмүркулов фракция лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү улантат.
Айта кетсек, буга чейин И.Өмүркулов "Бир бол" (12 депутат), "Кыргызстан" (18) жана "Республика-Ата Журт" (28) фракцияларынын лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ал эми "Өнүгүү-Прогресстин" (13) жана "Ата Мекендин" (11) лидерлери менен жолугушпай турганын билдирген. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында РАЖдын лидери Өмүрбек Бабанов коалициялык көпчүлүккө анын фракциясынын кирбей турганын жарыялаган.