Кыргыз Республикасында тигилген 1000 даанадан ашык шымды Орусияга алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Астрахань шаарындагы "Караузек" чек ара текшерүү пунктунун кызматкерлери унааны токтотушуп, анын ичинен дүйнөгө белгилүү фирмалардын спорттук шымдары салынган 22 капты табышкан.
"Жүктүн ээси Орусия Федерациясынын жараны экендиги аныкталган. Ал товарды Жалал-Абад облусунан алып, Орусиянын Астрахань шаарында сатууну пландап жатканын айткан. Каптарда жалпысынан 1100 даана шым болгон. Бардык далилдер полиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Учурда логотиптерди мыйзамсыз колдонгондугу үчүн Орусиянын жаранын жоопкерчиликке тартуу маселеси каралып жатат", - деп жазылат маалыматта.