Президент Алмазбек Атамбаев КРнын Сотторду тандоо Кеңешинин сунушу боюнча материалдарды карап чыгып, ошондой эле талапкерлер менен жолугушуунун жыйынтыгынын негизинде Кеңеш сунуштаган бардык 6 талапкерлерге макулдугун билдирүү тууралуу чечим кабыл алды. Өлкө башчы КРнын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын судьяларын кызмат ордуна шайлоо үчүн төмөндөгү талапкерлерди сунуш кылды:
Чынара Айдарбекова - КРнын Юстиция министрлигинин ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкы башкармалыгынын зардалы.
Жумадил Макешов - убактылуу КРнын Башкы прокуратурасынын кадрларынын карамагында турат.
Айсалкын Нарынбекова - Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басары.
Чолпон Осмонова - Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы.
Жедигер Саалаев - КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн талдоо иштер секторунун эксперти,
Нурлан Садыков - "Конституциялык саясат институту" коомдук бирикмесинин директору.