30-октябрь күнү Москва шаарына бараткан автобус кырсыкка учурап, белинен оор жаракат алган Жаңыл Жумалиеванын Кыргыз Республикасына келүүгө каражаты жок болууда. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда жабырлануучу Жумалиева өзү SUPER.KG порталына билдирди.
"Биз бараткан автобус кырсыкка учураганда аман калдык. Ошол учурда белим ооруп жатканын байкадым. Катуу коркуп калгандыктан, ооруну анчалык сезген жокмун. Москвага жеткенде оорум күчөй баштады. Маңдайкы тиштериме сокку болгондуктан, кыймылдап калды. Абалым жакшы болуп кетер деген үмүт менен артка кайткан эмесмин. Ээн талаада таңга маал ары-бери өткөн айдоочулар да жок болчу", - деди Жумалиева.
Кырсыкка учураган Жумалиева 31 жашта. Ал Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Доскулу айылынын тургуну. Учурда Москва шаарында батирлердин биринде убактылуу жашап жатат. Ал азыр өз алдынча баса албайт. Маалыматка ылайык, жабырлануучулардан кечээ, 1-ноябрда Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги кабар алып, бирок алар Жумалиеванын өлкөгө кетүүсүнө жардам берерин айтышкан эмес.
"Москвада калып иштейин десем ден соолугум жакшы болбой турат. Батирдин ижара акысын да төлөөгө каражатым жок. Өлкөгө кетейин десем жол кирем жок. Айылда апам ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелип, оорулуу болуп калган. Атам жакында каза болгон. Бир туугандарым жардам бере албай жатышат. Кайрымдуу адамдардан үйгө жетүүгө жардам сураймын", - деп кошумчалады жабырлануучу.
Мындан сырткары аталган жол кырсыгына кабылган бир туугандар Нуркыз жана Кенжегүл Назаркуловалар да абалдары канааттандырарлык эмес экенин кабарлашты.
"Сиңдим Кенжегүл башынан жаракат алып, катуу коркуп калган. Түн ичинде чочуп кыйкырып ойгонуп жатат. Менин кабыргам сыныптыр. Азырынча иштөөгө мүмкүнчүлүгүбүз жок", - деди Нуркыз Назаркулова.
Эске салсак, 30-октябрь күнү Москва шаарына бараткан автобус кырсыкка учурап, 20 адам жабыркаган.