КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кытайга болгон иш сапарынын алкагында 17-18-апрель күндөрү аталган өлкөнүн бир нече жетекчилери менен жолугушту. Айта кетсек, министр Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү Ян Цзеци, Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин эл аралык бөлүмүнүн башчысы Ван Цзяжуэ, Коммерция министри Гао Хучен жана Кытайдын Тышкы иштер министринин орун басары Чэн Гопин менен жолугушту. Анда эки тараптуу өнүгүү жана саясий, соода-сатык, экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка багыттарда кызматташтыктын мындан аркы бекемдеши тууралуу сүйлөшүү болду. Тараптар саясий тыгыз байланыштын жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешип, бири-бирине ыраазычылык билдиришти.