Бишкекте аялы менен кетип бараткан жаранды ур-тепкиге алган студент балдар да жоопкерчиликке тартылышат

Бишкекте аялы менен кетип бараткан жаранды ур-тепкиге алган студент балдар да жоопкерчиликке тартылышат. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казабаев билдирди.

"Балдардын бирин бычактаган жаранга кылмыш иши козголуп, учурда ал камакта. Ал эми аны менен мушташ уюштурган студент балдардын аты-жөнү такталууда. Алар суракка алынып, жоопкерчиликке тартылышмакчы", - деди Казабаев.

Эске салсак, окуя 18-октябрь күнү саат 13:00 чамасында Чүй-Абдрахманов көчөсүндө орун алган. Анда аялы менен бараткан жаран менен 10го жакын студент балдар мушташа кетишкен. Жыйынтыгында студент балдардын бири 2000-жылы туулган А.У. бычактан жараат алган. Кийин ал ооруканага жеткирилген. 23-октябрда бул кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган М.О. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Айрым маалыматтар боюнча, окуянын келип чыгышына студент балдардын бири аялы менен бараткан жаранды видеого тартканы себеп болгон. Ал эми кармалган жарандын мурда мал уурулук боюнча соттолгону жана Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү экени айтылууда.

Көчөдө бара жаткан жубайларга тийишип, мушташ уюштурган 10 студент (сөгүнгөн сөздөр бар)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
momun74
2016-11-03 10:01:29
Эмне ШИИББнын басма соз кызматынын башчысы элди алдап атабы ишенет деп ошо он баланын аты жону алигиче тактала элекпи алар тим эле жабырлануучу тарап элего аты жонун сразу тактап камаш керек убактылуу кармоочу жайга ошо он акылсыз атарбиясы жок студенттерди
+12
Waitbears
2016-11-03 10:22:21
Арстан менен чоолордой эле болуптур ХХХ эркек болсо жекеме жеке чыкпайбы
+11
admin_portal
2016-11-03 11:40:08
Waitbears, этика нормаларын сактаңыз!
-3
Patriot..kg
2016-11-03 10:39:44
Мал урулугун бетке кармабагылачы. Бул жерде таксырдыкы 100% туура
+11
momun74
2016-11-03 11:37:11
Patriot..kg,эн туура мал уурдадым деп аялына тийишсе унчукпай карап турушу керек бекен
+7
K.R.1991
2016-11-03 10:49:26
Азаматсын Таксыр...
+5
Sirduusezim
2016-11-03 10:54:41
Апеей даана эле озун коргогону корунуп туратго. Осурган кыз осурбаган кыздын бетин аймайт го
+7
Rasul_Rahmanaliev
2016-11-03 11:04:50
Молодец!ЭРКЕК экен.
+5
Gema
2016-11-03 11:15:45
Чыныгы эркек ..оз аялын намысын коргогон...Сот адилеттуу болуп чечим чыгарсын акчага сатылышпай!10бала тепкилеп атып олуп деле калышы мумкун болчу ал жерде.
+5
tyka
2016-11-03 11:15:47
Аа балакайлар Эми кыйын болот го
+2
Patriot..kg
2016-11-03 12:31:25
Колбайдын баш ал десе борк алган балдары бар. Балакайларга оор эле болот)
+2
bekiw.801
2016-11-03 11:16:56
азыркы милициянын акты кара караны ак деп калган чагы, кайдагы адилетти кутобуз булардан?
+2
Munarbek1988
2016-11-03 11:30:30
Арстанга шакал асылгандайтурболупту.
+5
Munarbek1988
2016-11-03 11:31:15
Болуптур.
+1
Emil0211
2016-11-03 12:25:33
Студенттерди созсуз турдо жазага тартыш керек,же бул а атайын уюштурулган берки баланы камаш учун,жакшы жолго тушуп таксыр болуп калган экен,
+4
erlist
2016-11-03 13:33:56
Юридикалык жактан алганда таксыр биринчи муштап баштады анын устуно бычак мн да сайып ийиптир.эки жак элдешип эле бутургуло эми мадра баштардыкы да туура эмес аялы мн турса тийишип ошону корушмок.
-4
momun74
2016-11-03 13:39:13
erlist,сен аялын мн кетип атсан силерди балдар видеого тартып атса сен да ошентмексинда таксыр
+2
erlist
2016-11-03 15:13:01
Эми видеого тартса оозеки эле замечания берип койсо болот да же бычак мн сайып ийиш керекпи таксырга боорум ооруп атат менин толпа сабаганы аз келгенсип эми каматып салсачы
+1
momun74
2016-11-03 18:16:14
erlist,ооз эки эскертме бериптир анан тиги бала он чакты досун эритип келгендеги видеосу экен биз коргон дрижинкада башталган окуя экен
+1
Zinazima
2016-11-03 21:18:34
Жанына бычак которуп журуу мыйзамга туура келеби бычак холодное оружие дейилет ко
-1
dindilin
2016-11-04 16:23:13
Закон боюнча студент балдарга хулиганства б.а. коомдук жайда тартип бузуу боюнча иш козголсо керек. Эмнегедир атайын уюштурулгандай сезилди.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан