Депутат Зиядин Жамалдинов журналисттерди маалыматты бурмалабай чагылдырууга чакырды

Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов журналисттерди маалыматты бурмалабай түз чагылдырууга чакырды. Парламенттин 3-ноябрдагы жыйынында депутат: "Кечээ жыйында Конституцияны өзгөртүү маселеси талкууланып жатканда мен сүйлөгөн сөздөрдүн айрымдарын кесип салып, мамлекеттик телеканалдар элге көрсөтүштү. Мени чагылдыргыңар келип жатса, эмнеге сөздөрүм толук берилбейт? Эмне үчүн менин сунушумду көрсөтпөйсүңөр? Мисалы, азыркыдай бюджет тартыш болуп жаткан учурда кыргызга 120 депутат көп экенин айттым эле. Аны көрсөтпөй, "башкалар Конституцияны талкуулап жатышса, бул депутатка душ керек" деп айтып чыктыңар. Кошомат кылуунун да жолу болот. Ооба, 120 депутат тең болуш керек дедим. Айрым депутаттардын кабылдамалары жок, бөлмөлөрү тар. Башкаларында душунан бери бар, парламентке душтун эмне кереги бар? Душтарды жоюп, башка депутаттарга шарт түзүп берүү керек деген мааниде айттым", - деди.

Белгилей кетсек, депутаттын душ жөнүндө айтканы Интернетте социалдык тармакта кызуу талкууга алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан