Гапар Айтиевдин 100 жылдыгына карата көргөзмө ачылды
24-октябрь күнү СССР жана Кыргыз Эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин 100 жылдык юбилейине карата Бишкек шаарындагы Г.Айтиев атындагы сүрөт музейинде көргөзмө уюштурулду. Көргөзмөдө Гапар Айтиевдин 27 живопистик сүрөтү жана 2 скульптуралык иши коюлган. Гапар Айтиевдин эмгектери аталган музейде 2013-жылдын 1-январына чейин көрсөтүлөт.