21-апрель күнү Бишкектин Орто-Сай айылында веложарыш боюнча ачык мелдеш өтөт. Аталган спорт түрүнүн федерациясы билдиргендей, чың ден соолукту даңазалоо максатында уюштурулуп жаткан бул мелдештин катышуучулары “Жаштар” жана “Элита” тобу болуп экиге бөлүнүп күч сынашат. Айта кетсек, “Жаштар” тобунда 14-17 жаштагы кыздар-балдар, ал эми “Элита” тобунда 18 жаштан жогорку айымдар жана мырзалар таймашат. Веложарыштын узундугу 10-12 чакырым аралыкты түзөт, жарыш саат 10:00дө башталат.