Аялы менен бараткан жаранды ур-тепкиге алып жаткан учурда бычактан жараат алган студенттин абалы туруктуу

Бишкекте аялы менен бараткан жаранды ур-тепкиге алып жаткан учурда бычактан жараат алган студенттин абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

"Мушташ учурунда 2000-жылы туулган А.У. аттуу бала бычактан бир нече жараат алып ооруканага түшкөн. Дарыгерлердин айтымында, учурда анын абалы туруктуу. Ал эми мушташтын башка катышуучулары боюнча иликтөө иштери улантылууда", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.

Эске салсак, окуя 18-октябрь күнү саат 13:00 чамасында Чүй-Абдрахманов көчөсүндө орун алган. Анда аялы менен бараткан жаран менен 10го жакын студент балдар пикир келишпестиктен улам мушташа кетишкен. Жыйынтыгында студент балдардын бири 2000-жылы туулган А.У. бычактан жараат алып, ооруканага жеткирилген. 23-октябрда бул кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган М.О. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Айрым маалыматтар боюнча, окуянын келип чыгышына студент балдардын бири аялы менен бараткан жаранды видеого тартканы себеп болгон. Ал эми кармалган жарандын мурда мал уурулук боюнча соттолгону жана Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү экени айтылууда.

Көчөдө бара жаткан жубайларга тийишип, мушташ уюштурган 10 студент (сөгүнгөн сөздөр бар)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (41)
Revolyutsiya
2016-11-03 14:35:46
Ооруканада жаткан студент да жоопко тартылыш керек. Озу катылып алып анан ооруканага тушсо албетте озу куноолуу болот да... Бизде мыйзам адилет иштейби же ким акча таштаса ошонуку туура боло береби?!!
+11
Revolyutsiya
2016-11-03 14:37:20
Менимче окурмандардын 9/10 ооруканада жаткан студентке "ырас эле болуптур, ушуну кормоксун" деп жатышса керек...
+13
Saut_kg
2016-11-03 14:58:40
Revolyutsiya,ооруканага жаткан студентке дагы аздык кылыптыр еще как кылып салса болмок экен тиги ХХХ таксыр. Дагы таксыр таксырлыгын кылып аяп коюптур. ХХХ олумуш болуп ооруканадга жатып алыптыр да
+11
admin_portal
2016-11-03 15:22:32
Saut_kg, этика нормаларын сактаңыз!
-4
Mital.89
2016-11-03 14:47:44
Эркек эмес азыр кообу. Один один мушташа албайт.
+9
senchi
2016-11-03 14:56:28
Менин пикирим бала аялын кучактап турган, балдар туура эмес экенин тушундургон.
-14
Revolyutsiya
2016-11-03 15:05:20
senchi, жаны версия ойлоп таптынбы?!! Окшобой калыптыр...
+7
vorkuta11
2016-11-03 15:24:18
Таксыр эркек экен.
+8
kochkor.siti
2016-11-03 15:41:51
Красавчик Таксыр
+7
TGA
2016-11-03 16:26:11
Эркек экен. Намыстуу экен!
+4
naida81
2016-11-03 17:38:18
азамат, келинчегинин алдында баатырлык кылды
+6
Nur1k
2016-11-03 19:08:35
Больницада жаткан баладан сурабайт беленер эмне болгонун супер?
+2
Gema
2016-11-03 23:53:33
Больницада догурунуп жаткан балагын туугандары М.В.Д да отрургандардан экен деп окудум.Эгер чын болсо анда аларды пластинкачы ойноору анык да.Бизде акча,тааныш эле чечип калган да ,эч адилеттулук жок!
+3
Gema
2016-11-03 23:55:09
Больницадагынын жакындары устудо отурса берки карапайым таксырдын да укугуг ким коргой !?
+2
Gul.08
2016-11-03 23:58:57
Студенттерди камабайбы?
+3
nazira...
2016-11-04 09:46:36
таксыр басып келе жатпай эле аялы менен разбор кылып аткан жеринен балдар бирдеме деп атышат.Кийин аялын кучактап бетинен ооп анан балдардын аркасынан озу чуркап барып урушуп атат.бул жерде таксырынар деле туура эмес кылып атат,биринчи аялы менен разборун бутуп албайбы.Кочодо аялына катуу суйлоп атса студенттер кыйкырбай акырын суйлонуз деп эле айткандай го.Жини келип турган неме озу барып мушташып атат."Аялы менен кочодо бараткан таксыр" деп туура эмес айтып жатат берки бала,жакшылап
0
bayana1987
2016-11-04 10:44:25
nazira..., ТУУРА МЕН ДА ошентип ойлодум.
-1
momun74
2016-11-04 11:57:04
nazira...,кыйн балдар болсо кочодо анча мынча аялын ургандарга барбайбы доодурлор мээси жок Эрли катын урушу бир жоолуктун курушу Эми эмне Ошо сулогон он жигитин Эрлик кылдык деп айтканы жатасынбы эри катынын урушсса уйго бараттда эч Ким корбойт жарашып алышат он баланын кылганы акмакчылык акрын суйлонуз дебей эле видного тартышыптыр
+1
Patriotkgz93
2016-11-05 09:59:07
Кана бычак сычак жокко жөн эле муштап эле уруп ататко. (Тиги шакалдар уялбайбы ошончосу бир кишиге асылып)
0
naera
2018-03-31 12:17:00
Жазгандар баарын видеону коруп анан жаздынарбы?Эч кандай басып кетпей эле кучакташыппы же урушуппу турушатко.Балдар жон эле отуп кетишип жатса озу таксыр асылып артынан жугуруптурго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан