Өмүрбек Текебаев: "Кылычбек Султанов министр катары өз ишин жакшы аткарып жаткан"
18-апрелде "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султановдун ишмердүүлүгү тууралуу пикирин айтты. Өкмөт министрлерди негизсиз сынга алуу менен жакшы иштеп жаткандай түр көрсөтпөшү керектигин белгилеген депутат: "Менимче, Кылычбек Султанов Социалдык өнүктүрүү министри кызматында өз ишин жакшы аткарып жаткан. Ал отставкага кетүү боюнча арыз жазып, өзүнүн жакшы моралдык-этикалык жагын көрсөттү. Ошондой эле социалдык тармак боюнча вице-премьер-министр Камила Талиеванын сынына министрлердин арасынан жалгыз ал гана реакция кылды”,- деди. Ошондой эле министрликте натыйжалуу реформа жүрүшү үчүн өкмөт макулдашылган иштерди жүргүзүшү керектигин кошумчалады Өмүрбек мырза. "Өкмөт реформанын максатын жана багытын так аныктап туруп, андан кийин гана министрликтен талап кылышы керек. Жөн гана сынга алуунун кереги жок. Реформа үчүн реформа кылуунун кажети жок, бул макулдашылган иш болушу кажет, анын координациясын вице-премьер-министр ишке ашырышы керек”,- деди Текебаев.