Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Исфана шаарындагы өрттөнгөн базар калыбына келтирилди. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"2016-жылдын май айында өрттөнүп кеткен базар жергиликтүү бийлик, жеке ишкерлердин каржылоосу менен калыбына келтирилди. Бүгүнкү күндө ишкердикти өнүктүрүү, кичи жана орто бизнес аркылуу жумуш орундарын түзүүгө шарт жаралды. Базар Лейлек районунун, Исфана, Сүлүктү шаарларынын калкын жана коңшу Тажикстандан келген соодагерлерди тейлейт", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, базар 70 сотых жерди ээлейт. Соода жайында 150дөн ашуун соода оруну бар. Негизинен кийим-кече жана кездеме сыяктуу товарлар сатылып, айланасында тамактануучу жайлар жайгашкан.