Чек арадан тууганынын паспорту менен Казакстанга өтүүгө аракеттенген жаран кармалды

Кыргыз-казак чек арасынан тууганынын паспорту менен өлкөдөн чыгууга аракеттенген жаран кармалды. Бүгүн, 3-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, 2-ноябрда “Ак-Тилек унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайынан 1979-жылы туулган О.М. аттуу жаран кармалган. Анын документтерин текшерүү маалында ал тууганына таандык паспортту көрсөткөн. Андан сырткары аталган жаран буга чейин соттун милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн өлкөдөн чыгууга чектөө коюлганы аныкталган. Тиешелүү документтер толтурулуп, чек ара режимин бузган жаран УКМКнын аймактык кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан