Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева "54 жаштагы аялды сабаган" деп шектелүүдө. Азырынча ал суракка чакырыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 1-ноябрь күнү саат 20:00 чамасында борбордогу Пишпек көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин жанында орун алган. Анда Жогорку Соттун Н.Молдобековага тиешелүү үйдү А.Динаркүл аттуу аялга бошотуп берүү чечимине макул болбогон Н.Молдобекова укук коргоочуга чалып, аны аталган дарекке чакырган.
"Аталган дарекке келген Т.Үмөталиева А.Динаркүл аттуу 54 жаштагы аялды сабап салган. Бул факт Ленин РИИБине каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. Үмөталиева азырынча суракка чакырыла элек", - деп билдиришти шаардык милициядан.