Бишкекте чачтарачтан уюлдук телефон уурдоого шектелген жаран кармалды

Бишкекте чачтарачтан уюлдук телефон уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Б.Ж. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз жаран анын чачтарачынан баасы 15 миң сомдук уюлдук телефонун уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Ысык-Көл облусунун 21 жаштагы Т.Ы. аттуу тургуну кармалган. Териштирүү иштеринин алкагында кылмышка шектүүнүн дагы бир ушул сыяктуу кылмышка катыштыгы бар экени аныкталган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан