Казарман-Жалал-Абад-Казарман аба каттамы калыбына келтирилет

"Казарман-Жалал-Абад-Казарман аба каттамын калыбына келтирүү керек". Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Тогуз-Торо районунун активдери менен жолугушуу учурунда ушундай тапшырма берди. “Тогуз-Торо - өлкөнүн эң алыскы райондорунун бири, бул район Нарын же Жалал-Абад облусунун бир районуна бириктирилет, деген сөздөр жөн гана имиш, расмий маалыматтарга гана ишенүүгө чакырам. Бул аймакта күздүн ортосунан жаздын ортосуна дейре башка аймактар менен катташуу аба жолуна гана байланыштуу болот. Ошондуктан Жалал-Абад шаары менен байланыштыруучу аба каттамды калыбына келтирүү маанилүү”,- деди Сатыбалдиев. Калк менен жолугушуудан соң өкмөт башчы Казармандагы аэропорттун абалы менен таанышып чыкты. Жергиликтүү бийликтин айтымында, аба каттам 24-апрелде кайрадан ишке киргизилет.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан