Токтогул районунун акими Каттоо иштери бөлүмүндөгү түшкү тыныгууга эрте чыккан кызматкерлерди жеке көзөмөлүнө алмай болду

Токтогул районунун Паспорттук-визалык жана каттоо иштери бөлүмүндө түшкү тыныгууга эрте чыгып, кеч келүү болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда SUPER.KG порталына Токтогул районунун акими Майор Сатымкулов билдирди.

"Соңку убактарда Токтогул райондук паспорттук-визалык жана каттоо иштери бөлүмү кызуу иш алып барууда. Алдыдагы шайлоо иштерине байланыштуу жарандардын паспортторун текшерүүгө алып, 1994-жылдагы эски үлгүдөгү паспортторду алмаштыруу иштерин жүргүзүп жатышат. Ал эми жумушка түшкү тыныгууга эрте чыгып, кеч кайтуу боюнча өзүм жеке көзөмөлүмө алам. Андай маселе жаралбаш керек", - деп билдирди район акими.

Маалыматка ылайык, аталган мекемеде 3 кызматкер эмгектенет. Алардын ичинен 1 кызматкер айыл аймактарын кыдырып, айыл өкмөттөгү паспорттук иштер менен алектенет.

Эске салсак, окурман 3-ноябрда "Элдик кабарга" Токтогул районунун паспорттук-визалык жана каттоо иштер бөлүмүнүн кызматкерлери түшкү тыныгууга эрте чыгып, кеч келишерин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gutler
2016-11-03 23:40:20
Бизде Ошто деле ушу Токтогул паспорт столунан калышпайт. Обедден мурун обед деп кетишетда,ал жактан оздору корсоткон убакта эмет жарым минутка кечигип келишет. Справочнаяда отургандардан бир нерсе сурагандан чочулап абайлайсын, анткени ал жерде отургандар абдан эле корс Жана текбер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан