Жоомарт Оторбаев Германияда өткөн эл аралык форумга катышты

17-18-апрель күндөрү Германиянын Берлин шаарында "East forum Berlin" аттуу Эл аралык экономикалык форум болуп өттү. Иш-чарага Германиянын Тышкы иштер министри Гидо Вестервелле, Берлин шаарынын мэри Клаус Воверайт жана башка 15 өлкөнүн жогорку мамлекеттик кызматкерлери катышты. Кыргызстандын атынан биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев баш болгон делегация барган. Анда Жоомарт Оторбаев сөз сүйлөп, Чыгыш Европа жана КМШ өлкөлөрүндөгү интеграциялык жараян тууралуу жана Кыргызстандын бул багытта жүргүзүп жаткан иш-аракеттери жөнүндө маалымат берди. Мындан сырткары Оторбаев Германиянын экономикалык комитетинин жетекчилиги жана форумдун башка катышуучулары менен да жолугушту. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан