Бишкекте "жашы жете элек кызды зордуктаган" деп шектелип 25 жаштагы жаран кармалганы белгилүү болду. Мындай маалыматты Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Милицияга арыз жазган жабырлануучунун бир тууган агасы 17-апрелде Арча-Бешик жаңы конушундагы үйлөрдүн биринен Улан аттуу чала тааныш адам карындашын зордуктаганын айткан. Арыздын негизинде Ленин РИИБинин кызматкерлери көп узатпай, Бишкек шаарынан аталган жаранды колго түшүрүштү. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.