Кадамжай районундагы Жылкы-Камоо жайытында 2 гектар куураган чөп күйгөн

Кадамжай районундагы Жылкы-Камоо жайытында 2 гектар куураган чөп күйгөн. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-ноябрь күнү Майдан айыл өкмөтүнүн Пум айылынын жогору жагындагы Жылкы-Камоо жайытында аска-зоонун үстү жагы күйүп жатканы тууралуу билдирүү түшкөн.

Аталган жайыт айылдан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал жакка 3-ноябрь күнү эртең менен райондук токой чарбанын кызматкерлери, жергиликтүү тургундар, өрт-куткаруу бөлүмүнөн 15 адам жөнөп кеткен. Алдын ала маалымат боюнча, 2 гектар куураган чөп күйгөн”, - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан