Токтогул районунда катталган жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 8 адам жабыркады

Токтогул районунда катталган жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 8 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн саат 04:20 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 304-чакырымында орун алган. Анда Хонда Степ үлгүсүндөгү унаа менен Жигули унаасы сүзүшкөн. Натыйжада 1 адам каза болуп, 8 адам ар түрдүү жаракаттарды алган.

"Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №97-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, каза болгон адамдын денесин унаадан чыгарып беришкен. Жабыркагандар Токтогул шаардык ооруканасына жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
akyn-jurogu
2016-11-04 09:55:24
Мен да Ош-Бишкек жолунда коп журом. Стептер жаны чыгып айдашат, как буд то 1саат эрте барса, 100 литр бензин бироо бекер бере тургансып! Авариянын 90% Стептер!
+17
tashi62
2016-11-04 10:50:19
Ооба менда ошону айтайын деген элем .
0
aszyma
2016-11-04 10:12:51
Кудай сактасын. Тооба адамлар,шопурлар акырын айдагыла. Кечиксенер 1саатка кечигесинер. Бирок эсен-аман жетип барасынар.
+2
azamat.k
2016-11-04 10:30:33
Иий жаман болуптур,кудай чоон сактаптыр калганын.Негизи Степ айдагандардын баары окшош,бир балееден куру кала тургансышып биринен бири обгон жасап айдашат.Кара кулжалык Панги деген бар экен го,Кара кулжадан Бишкеке 6,5 саатта барып калат экен.Бироо Кара кулжадан Бишкеке жоноп, Пангидан качып башкага олтурганы Озгонго келсе,Панги желмогуз Озгондо журот имиш адам алып.Анан баякы качкан эже Озгонго келип Пангига келип айтыптыр кайра эле попал болуп, Пангидан башкага олтурайын деп Озгонго келдим деп
+2
sultan89
2016-11-04 10:52:10
azamat.k, :-D панги де? пангиси кыйын
неме турбайбы ха ха
0
Kroxa
2016-11-04 10:31:19
Айдоочулардын айынан канча омурлор жаш кары балдар кетип калып жатат кырсык деп койушуп,,сактансан кудай сактайт абайлагылачы айланайындар!!!!
+5
baiyshvip
2016-11-04 10:42:10
Степ айдагандарды иттей жаман кором!!!Стептен коро эшек минип алгылачы!!!
+6
sultan89
2016-11-04 10:55:57
baiyshvip,айланайыыын степти коро
албагандар олло жамандагансынарго
вагончикти....
негизи вагончиктей кыйын машинелер
азго.
баары водительден зависит
-1
Revolyutsiya
2016-11-04 11:09:44
sultan89, ал туура го бирок эмнегедир стэп айдаган айдоочулардын 80-90%ти опкосун колуна кармап алып айдашат. Же стэп бмв 7-серия болбогондон кийин, катуу айдап адреналин алгыдай. Анын устуно жургунчу ташыган айдоочуларда жоопкерчилик деген нерсе болуш керек да. Эми тиги куноолуу айдоочу маркумду жашоого кайра кайтара албайт да. Качан гана кырсыкта ошол айдоочунун жакындарынан же уй-було мучолорунон бироо жарым жабыркаганда гана буларга акыл киреби?!!
+2
palina
2016-11-04 11:01:25
Кудай сакта!Бугун айылдан апам менен уулум келмек.аман эсен келип алышсын ылайым.
+1
Oylonkyrgyzym
2016-11-04 11:14:45
Мен кечинде кордум эле.Жерге жаткырып койгон экен.Олгон окшойт деп отуп кеттим эле,бечара олуп калыптыр да.
Жайы жаннатан болсун.
0
Almaz_1010
2016-11-05 07:23:45
Тооба акыркы учурда бир жакшы жанылык жок,уруп кетти олтуруп кетти авария болду...
0
Almaz_1010
2016-11-05 07:25:39
Тынчтык эле болсунчу мекенибизде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан