Өзгөн районунда 6 жашар баланын от менен болгон шоктугунан эки кабаттуу сарайдын чатыры жана 5 тонна чөп күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Чарба айылында болгон. Анда жыгач устундуу, темир жабылган, 80 чарчы метр эки кабаттуу сарайдын чатыры, 5 тонна чөп, 2 тонна көмүр, 1 тонна тезек, 2 баш кой, турак жайдын бөлмөсүнүн 77 чарчы метр жыгач шыбы, 1 терезе күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна 6 жашар баланын от менен ойногону себеп болгон.