Ош облусунда жер титирөөдөн жабыркагандардын 11и жаңы үйлүү болушту

Ош облусунда жер титирөөдөн жабыркагандардын айрымдары жаңы үйлүү болушту. Бул тууралуу 4-ноябрда өкмөттүн Ош облустук өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

"Кара-Суу районунун Чайчи айылында 11 үй-бүлө жаңы үйлөргө көчүп кирди. Облус боюнча жер титирөөдөн жабыркагандарга 177 үй салуу пландалса, учурда алардын пайдубалдары куюлуп, 152 үйдүн дубалдары тургузулган. 116 үйдүн дубалдары менен кошо чатыры жабылып, 55 үйдүн ички жумуштары жүрүп жатат" , - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын 17-ноябрь күнү саат 23:29да өлкөнүн аймагында жер силкинүү катталган. Жер титирөөнүн очогу Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ийрек айылынан 10 чакырым батыш тарапта, Ош шаарынан 30 чакырым түштүк-чыгыш тарапта жайгашып, күчү 6-7 баллга жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jake91
2016-11-04 10:35:16
Бугунку кундун алдынкы жанылыгы болду
+8
mirbek8209
2016-11-04 11:09:33
Мына бул ЖАНЫЛЫК.
+6
vilya
2016-11-04 12:14:56
Ushundai janylyktar koboio bersin...
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан