Чүйдө "үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз" делип 19 жаштагы Бакыт Жумаев изделүүдө

Чүй облусунда 19 жаштагы Бакыт Жумаев изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда анын агасы Тынчтык Жумаев билдирди.

Анын айтымында, Бакыт 31-октябрь күнү Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз.

"Ошол күнү үйгө келип, телефондорун калтырып, кат жазып кетиптир. Катта "мага сарсанаа болбой эле койгула, жакшы элемин" деп жазылган. Ошондон бери бүгүн төрт күн өттү, дайынсыз болууда. Акыркы учурларда эч ким менен сүйлөшпөй аябай түнт болуп кеткен. Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазылды. Алар издеп жатышат", - деди Тынчтык Жумаев.

Айта кетсек, Бакыт Жумаев ошол күнү көк күрмө, көк шым, күрөң бут кийим кийип жүргөн. Эгер аны
көрүп-билгендер болсо, (0700) 99-87-46 номуруна кайрылыңыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
dina1983-19
2016-11-04 11:10:57
Үйүңө кайт эгер кыйындыктар болуп жатса жакын адамдарың менен чечиш.
+3
Gulim_zamujem
2016-11-04 11:52:46
Акыркы убактарда ушундай окуялар тез тез болтатко,себеби эмне же бул жугуштуу оорубу?!
+2
adisum
2016-11-04 13:06:09
Gulim_zamujem,мурун деле мындай окуялар болгондур. Азыр массалык медиа каражаттары кучоп турган кези, ошого коп сезилип атса керек. Бул менин жеке пикирим.
-1
Kairat.96
2016-11-04 12:43:13
Мен коргом ушул баланы кече куну кыздар менен жургонун
-1
mamatmusakuzuraziya
2016-11-04 14:56:19
Туура айтасыз
0
12.12.12
2016-11-04 15:13:57
Азыркы жаштарга ата-энеси аз көнүл бөлөт. Мурдагыдай бала менен ата-эне болуп бир столдо отуруп сүйлөшүү, баарлашыы деген жок. Телефон деген бале тарбия, мээримден ажыратты. Чон эле жигит экенсин, үйүнө бар!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан