Бишкекте көп кабаттуу үйдөн кулап каза болгон аял психикалык борбордо каттоодо турган

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн кулап каза болгон аял Республикалык психикалык ден соолук борборунда каттоодо турган. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, каза болгон аял 1996-жылдан бери Республикалык психикалык ден соолук борборунда каттоодо турган.

"Ал катуу баш оорусуна даттанып, анын апасы саат 05:00 чамасында "Тез жардам" кызматын чакырган. Үйүнө барган дарыгерлер аялга укол сайып кайтышкан. Арадан 30 мүнөт убакыт өтүп, аял айнектен секирип кеткен", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.

Эске салсак, бүгүн саат 06:03 чамасында 36 жаштагы аял 5-кичи райондогу №69-үйдөн кулап каза болгону айтылган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, каза болгон аялдын бутун темир түтүктөн чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kirgizstan
2016-11-04 13:20:43
Таза адам калдыбы баары эле психика жактан ооруулуу
+2
ainur78007
2016-11-04 13:56:49
Апасын да кыйнап бутсо керек
+2
Bolunbo.kyrgyz
2016-11-04 22:19:09
Тообо кылдым баарыбыз эле соо эмеспизго же соо адам калбаган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан