Багдад шаарында жардыруу болуп, 27 адам көз жумду

Ирактын борбору - Багдад шаарында 18-апрель күнү жардыруу болуп, кырсыктан 27 адам көз жумду, алардын ичинде 2 жаш бала бар. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат булактары жарыялады. Маалым болгондой, шаардагы соода түйүндөрүнүн биринин 3-кабатында жайгашкан кафеде саат 22:00дө жарылуу болгон. Ал эми “кафеде белгисиз адам өзүн курмандыкка чалып, жарылуучу затты колдонгон” деген маалымат жалган экенин Ирактын полиция кызматкерлери билдиришти. Учурда окуя болгон жерде "Тез жардам" жана куткаруу кызматкерлери иш жүргүзүүдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан