Бүгүн, 4-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Жогорку Кеңеште жаңы коалицияга кирген “Бир бол” фракциясынан депутаттар Чолпон Жакупова жана Мыктыбек Абдылдаев иш жүзүндө оппозицияда калышарын айтып чыгышты. Муну алар Конституцияны өзгөртүүгө каршы позициясы менен түшүндүрүштү. Демек, фракциясы бийликтин кемесине түшүүсүн аталган эки депутат колдогон жок жана буга чейинки принцибинен кайтышпады. Конституцияга өзгөртүүлөрдү башынан эле сындап келишкен. Булардын катарында дагы бир "бир болчу" депутат Улугбек Ормонов бар. Коалициядагы фракциялардын ичинен депутаттар Канат Исаев менен Урматбек Самаев да бийликтин конституциялык реформасына каршы. Коалиция сыртынан ынтымактуу көрүнгөнү менен, ичинде олуттуу маселелерге өз пикири бар, бийликтин коркутуп-үркүтүүсүнө каршылык билдире ала турган принципиалдуу депутаттар бар. Убагында коалицияда тургандар Өмүрбек Текебаевди коалициянын ичинде туруп коалициядагы депутаттарды, өкмөттү сындайт деп айыпташкан. Ооба, "Ата Мекендин" лидери коалицияда турганы менен, талаш маселелерде бийликке кескин каяша сүйлөй алганы менен айырмаланчу. Конституцияны өзгөртүү аракети башталганда да коалицияда турганына карабай сындап чыгып, "коалициядагылар Атамбаевди дайыма колдоого милдеттүү деген талап жок" деп билдирди. Азыркы альянста Текебаев жок, бул биримдиктин жаңы Текебаевдери ошол Жакупова, Исаев, Абдылдаев жана башкалар. Ал эми айрым эксперттер бул альянстын туруктуулугуна ишеним артышкан жок. КСДП менен "Бир бол" эки башка багыттагы фракциялар экенин, мунун кесепети сөзсүз көрүнөрүн айтышууда. Кантсе да биригишти, калганын убакыт көрсөтөт.
Коалицияда өкмөттүн курамы, түзүмү боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат. Премьер-министр алмашпайт, калган кызматтарда орун алмашуулар күтүлүүдө. Жаңы өкмөттүн болжолдуу курамы жарыяланды. Көңүл буруучу жагдай - президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков биринчи вице-премьер-министр кызматына талапкер катары сунушталууда. Бул коомдогу президенттикке Сапар Исаков тапталып жатат деген божомолдордун салмагын арттырды. Азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков да өкмөт башчылыкка бир катар кызматтык тепкичтерди тездик менен басып өтүп келген. Алгач Ош облусунун жетекчилигинен Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчилигине дайындалды. Андан кийин президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басарлыгына, андан кийин өкмөт башчылыкка келди. Сапар Исаков президент Атамбаевдин ички жана тышкы саясатты аныктоодогу оң колу. Муну мамлекет башчысы өзү деле айтып жүрөт. Муну менен бирге президент өзүнө мураскер даярдабай турганын дайыма айтып келген. Бирок бул убадага 100 пайыз ишенүүгө мүмкүн эмес. Бийликтин табияты белгилүү, бүгүнкү сөздү эртең танып кетүү же керектүү шылтоону табуу бийликтегилерге кыйынчылык жаратпайт. Парламенттин 2-ноябрдагы жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев президент Атамбаев убагында бир маанилүү мыйзамды өзгөртүүдө Конституцияны өзгөртпөөгө убада бергенин эскертти. А бүгүн Конституция өзгөртүлгөнү жатат. Сапар Исаковго Көчмөндөр оюндары аркылуу миллиарддарды чапчыган пиар жасалганы бекеринен эмес көрүнөт. Ошентип, Исаковду президенттин мураскери болот деген сөздөр чындыкка жакындап баратат...