Жалал-Абад облусунда "Абайлагыла, балдар!" аталышындагы рейд өткөрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Соңку убактарда жол кырсыктарынын көп болуп жатканына байланыштуу жаш балдардын коопсуздугун камсыздоо максатында 31-октябрдан 10-ноябрга чейин облус аймагында күндүзгү рейд уюштурулууда. Айдоочуларга түшүндүрмө иретинде иш-чаранын аталышын атайын көрнөк-жарнактарга жазып жүрүшкө чыктык", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн рейддин дагы бир максаты - Бишкек-Ош унаа жолунун каттамындагы айдоочулар арасында жол кырсыктарынын алдын алуу, адам өмүрүнүн кыйылышына жол бербөө. Белгилүү болгондой, аталган иш-чараны Жалал-Абад облустук патрулдук милициясы колго алган.