Алмазбек Атамбаев: "Бишкекке отургузулган сакура көчөттөрүнүн уурдалышы уят иш болду"

“Япониядан алынып келинген сакура көчөттөрүн отургузуп жатканда тигилген көчөттөрдү уурдап кетишпесин деп айткан болчумун”,- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-апрелде Чолпон-Ата шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда. “Уят. Сакуранын 140 көчөтүнөн 14үн уурдап кетишиптир. Японияда, ал тургай коңшулаш өлкөлөрдө дагы мындай кылышпайт. Бизде ушундай окуя болгону уят”,- деди өлкө башчы. Эске сала кетсек, Япониядан алынып келген сакура багынын көчөттөрү 6-апрель күнү жалпы республикалык ишембилик учурунда борбор шаардагы Дайыр Асанов атындагы сейил бакка отургузулган. Көчөттү отургузууга Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Коикэ Такаюки жана башка өкмөттүн, Президенттик аппараттын кызматкерлери катышкан. Ал эми 15-апрелден 16-апрелге караган түнү ал көчөттөрдүн 14тү белгисиз бирөөлөр тарабынан казылып, уурдалып кеткен. Бишкек шаардык мэриясы билдиргендей, учурда уурдалган көчөттөр кайра отургузулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан