Ошто башка жарандын паспорту менен Москвага учууга аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ Ош-Москва каттамы боюнча №965-рейсти текшерүү учурунда 1991-жылы туулган М. у. А. аттуу жаран кармалган. Ал башка адамга тиешелүү паспорт менен өлкөдөн чыгып кетүү аракетин көргөн. Териштирүү иштеринин алкагында кармалган жаран эгиз түгөйүнө тиешелүү паспорт менен Москвага кетүүнү пландаган. Тиешелүү документтер толтурулуп, ал УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.