“Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынан жарылуучу зат табылган жок”,- деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы. Айта кетсек, бүгүн эртең менен саат 09:15 чамасында аталган театрга жарылуучу зат коюлгандыгы тууралуу УКМКга билдирүү келип түшкөн. Атайын кызматкерлер театрдын ичине тинтүү жүргүзүшүп, бул маалыматтын жалган экени белгилүү болду. Учурда маалыматтын ким тарабынан айтылганы иликтенүүдө.