Сындарга карабай Сооронбай Жээнбеков бул жолу да президенттин куттуктоосун окуду

Бишкек шаарында 4-ноябрда белгилүү мамлекеттик ишмер Бекмамат Осмоновдун 70 жылдык мааракесине арналган салтанат өттү. Ага катышкан премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков аталган инсандын Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө кошкон салымын, элдин кызыкчылыгын коргоодогу активдүүлүгүн белгиледи. "Чыгаан саясатчы, уюштуруучулук жана жетекчилик өзгөчө сапаттын ээси, Жалал-Абад облусунун алгачкы губернатору Бекмамат Осмонов агабыз элди, жерди, мекенди сүйүүнүн жана ага кызмат кылуунун бийик үлгүсүн көрсөтүп кетти", - деди Жээнбеков.

Cооронбай Жээнбеков президент Алмазбек Атамбаевдин Бекмамат Осмоновдун 70 жылдыгына карата куттуктоосун да окуду. Буга чейин Курман айтта президенттин куттуктоосун окуганы үчүн Жээнбековду депутат Өмүрбек Текебаев сындап: "Жээнбеков эмне президенттин катчысыбы? Өкмөт башчы өзүнүн атынан сүйлөшү керек. Бул бийликтин орду башка жакка көчкөнүнүн далили", - деген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан