Ала-Бука районунда катталган катуу шамал турак үйлөрдүн чатырларын учурду. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, катуу шамал 3-ноябрдан 4-ноябрга караган түнү саат 03:04 чамасында аталган райондун аймагында болгон.
"Катуу шамалдын кесепетинен Көк-Таш айыл аймагынын Көк-Таш, Өрүктү айылдарында жана 1-Май айыл аймагынын Кең-Колот айылында бир катар турак үйлөрдүн чатырындагы шиферлерди учуруп кеткен. Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан шамалдын ылдамдыгы жана келтирилген чыгым такталууда", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.