Борбор шаарда "ири суммадагы акча уурдады" деп шектелген жаран колго түштү. Кылмышка шектүү жаран "17-апрелде Жаш Гвардия көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бирине уурулукка кирип, 16750 сом акча уурдап кеткен" деп айыпталууда. Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя тууралуу жабырлануучу Н.Н. аттуу адам милицияга билдирген. Арыздын негизинде Ленин РИИБинин кызматкерлери көп узатпай 25 жаштагы С.Улар аттуу жаранды колго түшүрүштү. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.