ЖЫЛНААМА, 5-НОЯБРЬ: 10 жыл мурун Ирак мамлекетинин соту Саддам Хусейнди дарга асуу тууралуу чечим чыгарган

2006-жылдын 5-ноябрында Ирак мамлекетинин соту Саддам Хусейнди дарга асуу тууралуу чечим чыгарган. Иракты 24 жыл башкарган Саддам Хусейн 2006-жылы 30-декабрда Багдад шаарында таңкы саат 6:00дө дарга асылган. Ал “адамзатка каршы кылмыш жасады” деп айыпталган. Саддамдын өлүмүнө анын адвокаттары, дарыгерлери жана айрым расмий бийликтин өкүлдөрү күбө болушкан. Өлүм жазасын аткаруу процесси видеотасмага тартылып, Ирактын аскер базасында ишке ашырылган. Буга Ирактын экс-президентинин өлүмүнө айрымдар ишенбей коюшат деген кооптонуулар себеп болгон.

Күбөлөрдүн айтымында, дарга асууда Саддам эч кандай каршылык көрсөткөн эмес. Бир гана колундагы ыйык Куран китебин өзүнүн досуна берүүнү жана өлүм жазасын аткарууда башына кап кийгиз­бөөсүн суранган экен.
5-ноябрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
eldar.
2016-11-05 13:00:56
Оздоруно оздору кылышды. Мына эми азыркы абалы.
+10
bolsunalban
2016-11-05 14:08:35
eldar.,сеники да туура дечи, бирок буга да Америка кийлигишкен...
+3
isabek1977
2016-11-08 23:40:06
Америка баарына куноолуу.Иракты ,Сирияны башаламан кылышты.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан