Бишкектин Садыгалиев көчөсүндөгү өрттү өчүрүүгө 6 унаа тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Өрт тууралуу маалымат бүгүн саат 13:03 чамасында келип түшкөн. Анда Садыгалиев көчөсү менен Л.Толстой көчөсүнүн кесилишинде пенобетон чыгаруучу заводдо өрт чыкканы айтылган. Учурда кырсык болгон жерде 6 өрт өчүрүүчү унаа иштөөдө", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.