18-апрелде президент Алмазбек Атамбаев “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзамды Жогорку Кеңеш 14-мартта кабыл алган. Ага ылайык, мурда пайдаланылып жүргөн “чогулуштар, митингдер, көчө жүрүштөрү, демонстрациялар” деген жана башка саноолордун ордуна “тынч чогулуш” деген түшүнүктү киргизүүнү камтыган редакциялоо мүнөзүндөгү өзгөртүүлөр киргизилет. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.