Бул күнү акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист, кыргыз грамматикасын түзүүчүлөрдүн бири Касым Тыныстановго чыгарылган өлүм жазасы ишке ашырылган.
Касым Тыныстанов 1901-жылдын 10-сентябрында Ысык-Көл районундагы Чырпыкты айылында туулган. Өмүрүнүн акырына чейин ал маалымдоо каражаттары, илим изилдөө жана билим берүү тармагында иштөөгө үлгүргөн. К.Тыныстановдун окумуштуулук даремети туура бааланып, ага Кыргыз мамлекетинде биринчи болуп 1932-жылы доценттик, 1936-жылы профессордук илимий наам ыйгарылган.
1938-жылдын 5-ноябрында өткөн СССР Жогорку Аскердик сотунун жабык көчмө сессиясында Касым Тыныстановго 1921-жылдан баштап улутчул "Алаш-Ордо" уюму, андан кийин буржуазиячыл-улутчул, диверсиячыл зыянкеч, чыккынчы террордук "Социал-Туран" партиясынын ана башчыларынын бири деген айып коюлуп, атууга өкүм чыгарылган.