Америкада Өзбекстандын гимнинин автору көз жумду

Өзбекстандын Эл артисти жана Баатыры Абдулла Арипов 75 жаш курагында Хьюстондо дүйнө салды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, өткөн бейшемби күнү акындын бөйрөктөрү иштебей калып комага түшкөн. Ал ошол замат Хьюстон клиникасына жаткырылган болчу. Өзбекстандын гимнинин автору Абдулла Арипов акыркы эки айдан бери Американын Техас штатындагы кызыныкында конокто жүргөн эле.

Абдулла Арипов 1941-жылы жарык дүйнөгө келген. Университетте журналистика факультетин бүткөндөн кийин ар кыл басылмаларда редактор болуп иштеген. Анын ичинде Өзбекстандын Жазуучулар биримдигинин төрагасы катары дагы эмгектенген. 1988-жылы ал Автордук укуктарды коргоо комитетинин төрагасы болуп дайындалган.

2000-2001-жылдар аралыгында Абдулла Ариповдун “Тандалма чыгармалар” аттуу төрт томдук жыйнагы басылып чыгарылган. Акындын ырлары орус жана башка тилдерге которулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dadasdasd
2016-11-07 16:40:31
Арты кайырлуу болсун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан