Эртең, 8-ноябрда Америка Кошмо Штаттарында президенттик шайлоо өтөт. Анда АКШнын президенттик тагын ээлөө мүмкүнчүлүгү жогору делген эки талапкер: Хиллари Клинтон (Демократиялык партия) менен Дональд Трамп (Республикалык партия) жана башка талапкерлер ат салышат.
Сурамжылоолор боюнча Дональд Трамп Огайо штатында алдыда болсо, Хиллари Клинтон Пенсильванияда үстөмдүк кылууда. Соңку жумада республикачыл талапкер кайрадан ийгилик жарата баштады. Атаандаштар марага жакындаганда куйрук улаш келе жатышат. Жыйынтыктарды алдын ала айтууга эч ким батына элек. Америкада 37 миллион шайлоочу мөөнөтүнөн мурда добуш берди. АКШнын калкы 325 миллиондон ашык.