Чүй облусунда "мурунку аялын сабаган" деген шек менен 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 33 жаштагы Төмөнкү Серафимовка айылынын тургуну кайрылган. Ал 4-ноябрь күнү саат 13:30 чамасында мурунку күйөөсү келип себепсиз сабап салганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Чоң-Далы айылынын Т.С. аттуу тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.