Ала-Бука районунда катталган катуу шамалдан улам келтирилген чыгымдар эсептелинүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"4-ноябрга караган түнү саат 03:00-04:00гө чейин Ала-Бука районунда ылдамдыгы секундасына 25-27 метрге чейин жеткен шамал катталган. Катуу шамалдын кесепетинен Көк-Таш айыл аймагында, Өрүктү айылында 17 турак жайдын 775 даана шифери, айылдык мечиттин 110 даана шифери жана Ак-Башат айылынын Кең-Колот, Сары-Булак, Бүркүт-Уя аймактарындагы 11 турак жайдын 279 даана шифери сынып, учуп кеткен", - деп айтылат маалыматта.
ӨКМнын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Ала-Бука району боюнча 27 турак жайга 1054 даана шифер, Чоң-Сай айылдык мечитине 110 даана шифер жеткирилип берилген. Жарандык коргонуу комиссиясы учурда келтирилген жалпы материалдык чыгымдарды тактоо иштерин улантууда.