Кыргыз Эл акыны Майрамкан Абылкасымованын 80 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди

Бүгүн, 7-ноябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргыз Эл акыны Майрамкан Абылкасымованын 80 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Маараке акындын чыгармаларын сахналаштырган көрүнүш менен башталды. Айрыкча белгилүү "Эстелик сүйлөйт" чыгармасы залдагы көпчүлүктүн көзүнө жаш алдырды. Андан соң акын сахнага чыгып, ага келген куттуктоолор окулду. Ошондой эле төкмө акындар Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев 80 жылдык мааракеси менен куттуктап ыр төгүшсө, комузчу Самара Токтакунова күү чертип, ырчылар Гүлзат Байзакова, Асылбек Өзүбеков жана башкалар сөзү Майрамкан Абылкасымовага таандык чыгармаларды аткарышты.

Белгилей кетсек, Кыргыз Эл акыны Майрамкан Абылкасымова 1936-жылы 7-ноябрда Кемин районундагы Алмалуу айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал 1958-жылы В.В.Маяковский атындагы Кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн. М.Абылкасымова кыргыз поэзиясына кошкон чоң салымы үчүн 1986-жылы Ардак белгиси ордени менен, 2005-жылы III даражадагы Манас ордени менен сыйланган. 1980-жылы "Кыргыз Эл акыны" наамын, 1970-жылы Ленин комсомолу сыйлыгын алып, 1984-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.

Акындын ырлары 1952-жылдан тартып жарык көрө баштаган. 1961-жылы "Кичинекей досторго" аттуу туңгуч ырлар жыйнагы чыккан. "Чолпон", "Эстелик сүйлөйт", "Быйыл жаздын гүлдөрү көп" аттуу жыйнактарына салттуу ыр түзүлүшүндөгү ырлар менен катар ритмикалык жаңы өлчөмдөгү, эркин ыр формасындагы чыгармалары кирген. Анын ырлары орус, украин, казак, монгол, немис, поляк, француз тилдерине которулган. Ал эми акындын калемине таандык "Атаке баатыр" драмасы 2006-жылы 22-ноябрда Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында коюлган.

Кыргыз Эл акыны Майрамкан Абылкасымованын 80 жылдык мааракеси 07.11.16.
Акын Майрамкан Абылкасымованын 80 жылдык мааракеси. 2-бөлүк
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан