Борбор калаада "кызды сабап, бычак менен коркуткан" деген шек менен кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Борбор калаада "кызды сабап, бычак менен коркуткан" деген шек менен кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-октябрда милицияга арыз менен 1990-жылы туулган шаар тургуну кайрылган. Анда ал 1981-жылы туулган И.Д. аттуу жаран аны себепсиз ур-токмокко алып, чачынан кармап алып сүйрөп, бычак менен коркутканын билдирип, ага чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Арча-Бешик конушунун Ильгиз аттуу тургуну кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө ал кылмыштуу топтун мүчөсү экени аныкталды. Учурда ал камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Abubakir05
2016-11-07 16:56:14
Кыргызстанда жон жургон адам барбы озу кылмыштуу топтун мучосу,ууру,мурда соттолгон,зордуктады.тоноду деп эле чыгат таза жон жургон адам барбы деги дин жолунда жургон адамдардан башка.
+13
Djal1987
2016-11-07 18:08:59
Тергоочу жакшылап тергесе коп косягы чыгат. Боло берет экен деп коп кылмыш кылса керек.
+7
chon.alai.
2016-11-07 20:17:45
кыргыз жаштары баары эле кидайшик ууру кескин каракчы болуп алышты
+3
Munar8625
2016-11-07 21:03:35
илгиз байыстын балпсыбы
+1
simone
2016-11-07 21:24:40
Munar8625,тушунуктуу жазынызчы!
0
chon.alai.
2016-11-08 02:23:09
simone,Илгиз Байыш аканин баласыбы деп жатат окшойт
0
batkendik.18
2016-11-07 21:49:38
Озубуз 6 милион болсок бир милионго жакын чет олкодо журсо калганы бардыгы эле ууру жегич качып жургон соттолгон жалганчы.Жакшы жанылык укбай калдыкко
+1
barakcha
2016-11-07 23:08:58
Кызда да кеп бар!
-6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан